Menu

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлигине ак чайыр чогултууга уруксат берилген жок

Бөлүшүү:

Тажикстан Айлана-чөйрөнү коргоо комитети дарылык касиети бар ак чайырды кайра иштетүү боюнча Саламаттыкты сактоо минстрлигинин сунушун четке какты.

Өкмөттүн токтому боюнча заманбап технологиялары бар компаниялар гана ак чайыр чогултууга лицензия ала алат. Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин өкүлү Хамрокул Ахроровдун айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигинде мындай технология жок.

Министрликке ак чайырды “Фароз” компаниясынан сатып алуу сунушталган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги фармацевтикалык керектөөлөр үчүн эки тонна ак чайыр чогултууга ниеттенип жаткан.

Тажикстан ак чайырды негизинен Индиядан сатып алып турган. 2013-жылы өлкө бийлиги бул өсүмдүктү сактап калуу иретинде феруланы чогултууга тыюу салган. Бирок кийинчерээк аны чектелүү өлчөмдө чогултуу укугу “Фароз” жана “Минфар” компанияларына берилген.

Быйыл апрель айында “Фароз” менен келишим түзүп, ак чайыр чогулткан кишилер компаниянын кеңсесинин алдында каршылык акциясын өткөрүшкөн. Алар келишимди кайра карап чыгууну талап кылышкан. Маалыматтарга караганда, “Фароз” компаниясы бир килограмм ак чайыр үчүн мурдагыдай 60 эмес, 10 доллар сунуштаган. Буга макул болушпаса, ооганстандыктардан андан да арзан баада сатып ала турганын билдиргени айтылган.

Ак чайыр дарылык касиети бар өсүмдүк. Тажикстандын элдик медицинасында аны кургак учук, жыныстык ооруларга каршы колдонушат.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун (OCCRP) 2018-жылы июнь айында жарыялаган материалында Тажикстан президентинин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго тиешеси бар “Фароз” компаниясы тажик рыногунда монополист экени жана экономиканын кирешелүү тармактарын колуна алганы жазылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: