Menu

Ойт берген жагынан “үлгү” көрсөткөн Элвира Сурабалдиева

Бөлүшүү:

«Ала кушту атынан ата» демекчи, КСДПдан депутат болгон Элвира Сурабалдиева да ойт берген жагынан камчы салдырбайт го, чиркин! Атамбаевдин аркасы менен мандатка жетип, бирок, кыйын шартта шефин сатып кеткенине кандай баа беребиз? Бир жылдан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо болот эмеспи, Элвира айым атасынан калган байлыгын чачса да четке сүрүлүп, аламанга аттанган «үйүр топко» кошулбай калбайбы? Дайыма эле көрүнгөн жээкке секиргендер муратка жеткен эмес да, ыя? Маркум Жыргалбек Сурабалдиев тирүүсүндө өрт киши эле, чак түштө атылганы эсибизде. Кимдер кылмышка шектүү экенин саясатчы Адил Турдукулов бир канча жолу айтып, эч коркпостон ЖМКларга маектерди берип келген. Таңгалычтуусу, Элвира айым атасын өлтүргөндөргө каршы бир ооз сөз сүйлөбөйт да, анан кайдагы бир бизнес кызыкчылыктарды оозанып, «адилеттүүлүктү» айтымыш болуп жүрөт. Элдин өкүлүсүңбү, астыңда чоң трибуна турабы, эмесе, акыйкат астында ойноктобой таза күрөшө бил да! Өзгө күйбөй башканы айтканда не? Артисттиктин чеги болот, коомчулук деле карап турбайбы!

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: