Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев эмне иш менен алек болуп атканы белгисиз. Шаардагы көрнөк-жарнактардын ката жазылганы, эне тилибиз тепсендиде калганы, орус, англис тилдеринин жарнамага ыраатсыз илингени иренжитип бүттү. Дегеле ушул көрүнүштөр боюнча Ишекеев үн катып койгонго да жарабайт. Тымпыйып эле айлык алып, чоңдорго жагынуу жандалбасында күн өткөрүп жатса керек. Мамлекеттик тилдин өксүгү боюнча дагы толгон-токой көйгөйлөр бар. «Балык башынан сасыйт» болуп, Назаркул Ишекеев иштебей эле «иритип» атканы тастыкталабы? Эне тилибизге кайдыгер болсок, анан башкасын айтып не кылабыз?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ