Массалык маалымат каражаттарында “КР Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсов пара менен кармалды” деген маалыматтар тарады. Деген менен Жолборсовдун адвокаты мындагы маалыматтар туура эмес экенин айтууда.
Адвокат Мунарбек Турковдун маалыматына караганда, Министр Н.Мирзахмедовдун тапшырмасы менен 2019-жылдын 18-февралында №33 буйрук чыгып, ӨКМдин ички аудити тарабынан министрликтин алдындагы “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору” ишканасына аудиттик иликтөө жүргүзүлгөн.
Натыйжада 2019-жылдын 5 ай аралыгында аталган ишкананын кассалык чыгыштоо ордерлеринде визасы басылбаган, жалпы 16 млн сом накталай акча каражаты кассада жок болуп чыккан. Ага кошумча бир нече техникалар кароосуз калып, жарактан чыгарылган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен министрлик тарабынан аталган жагдайга мыйзам чегинде чара көрүү үчүн иш аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.
“Тергөөнүн жүрүшүндө аталган ишкананын жетекчиси Асылбек Жусубалиев жоголгон акчанын кайсы бир бөлүгүн кеңешчиге бергенмин деп, далилдерсиз көрсөтмө берген. Анын бул көрсөтмөсүнүн натыйжасында Нурбек Жолборсов кармалып олтурат. Бирок, Жусубалиевдин Нурбек Жолборсовго качан, кайсыл жерде, канча көлөмдө акча бергени жөнүндө бир дагы далили жок”,-деди Мунарбек Турков.
Белгилей кетүүчү жагдай, Асылбек Жусубалиев УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевдин бир тууган жездеси.
Санрабия Кубанычбекованын Facebook социалдык тармагындагы баракчасынан алынды
Нурбек Жолборсов 1984-жылы Бишкекте туулган. 4-июлда Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган. 6-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту тергөө аяктагынча деп, 6-сентябрга чейин, 2 айга Бишкек СИЗОсуна камоо чечимин чыгарып берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ