Menu

Фото – Ысык-Көл облусунун ар бир районунда багып алуучу үй-бүлөлөрдү даярдоо үчүн 21 адам атайын окуудан өтүштү

Бөлүшүү:

Окутуу Үй-бүлө түрүндөгү камкордук: турмуштук оор абалдагы үй-бүлөлөр үчүн коомчулук деңгээлинде үй-бүлөнү бекемдөөгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулду.

Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үй-бүлөлүк курчоодо тарбиялануусу үчүн Министрлик учурда багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүүгө багытталган активдүү иш-чараларды алып барууда.

Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүүсү зарыл. Фостердик үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок, өздөрүнүн балдарын кошкондо 5 баладан ашпашы керек. Фостердик ата-эне болууну каалагандар жарандар жашаган жери боюнча райондук/шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуусу талап кылынат.   

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом өлчөмүндө айлык акы, ал эми балдардын өздөрүнө (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) 6 миң сом ай сайын бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн тез арада алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон  балдар жайгаштырылат.

Министрликтин маалыматы ылайык, учурда Ысык-Көл облусунда 9 багып алуучу үй-бүлөдө 17 турмуштук оор кырдалга кабылган балдар тарбияланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: