Бүгүнкү күндө Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу 75% камсыз болгон. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракуловдун айтымында бул жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 40 миң тонна дан сатып алууну пландап жатат. Учурда Казакстандан 11 миң тонна дан алынган, атамекендик дыйкандардан 15 миң тонна сатып алуу каралууда. Анын айтымында былтыр 2018-жылы дыйкандардан 6 миң тонна дан сатып алынган болчу.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ