Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан чырды жайгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү вице-премьер министр Жеңиш Разаков жүргүзүп жатат. Бирок жергиликтүү эл Разаковго ишенич артпай, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобойт деп күмөн санашууда. Ырасында, буга дейре Жеңиш мырзанын дарегине карата «тыңчы» деген шектенүүлөр коомдо байма-бай айтылып келет. Эл өкүлдөрү болсо аны отставкага кетирүү керектигин белгилешүүдө. Эл болсо жоопкерчилигин, баскан изин, ишмердүүлүгүн тыкыр анализдеп чыгуу зарылдыгын айтып жатат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ