Menu

Фото – Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна дайындалган судьялар ант беришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 25-июлундагы  ПЖ № 97  Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.

Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2019-жылдын  25-июлдагы  ПЖ № 98 Жарлыгы судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  Жалал-Абад облустук сотуна  — Жоробеков Токтосун Сайзилдаевич, Ош облустук сотуна — Масабирова Тарифа Жаанбаевна, Пирматов Каныбек Алимканович, Талас облустук сотуна — Алдашов Азамат Зарылбекович, Иманалиева Айнура Касымбековна, Курманбаев Жекшеналы Анарбекович, ошондой эле Бишкек шаардык сотуна  – Маматалиева Айнура Сайбидиновна жиберилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: