Menu

Аскар Айтматов түрк элчисин сотко берет

Бөлүшүү:

Мурдагы Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыратты кадыр баркына доо кетиргендиги үчүн деп 35 млн 21 миң сом моралдык чыгым төлөөнү талап кылды. Анын билдирүүсүн журналист Нарын Айып фейсбук баракчасына жайгаштырды.

Билдирүүгө караганда, Айтматов бул каражатты Талас облусунун Шекер айылында «Чыңгыз Ордо» мемориалдык комплексин куруу долбооруна жумшай турганын билдирди. Түрк элчисине бул талапты аткарышы үчүн бир ай убакыт берип, эгер аткарбаса Кыргызстандын мыйзамдарына таянып, элчини сотко берерин эскертти. Аскар Айтматов Жеңгиз Камил Фыратка жолдогон катта элчи акыркы убакытта аны олуттуу түрдө мазактаганга өткөнүн белгилейт. Ал буга чейин элчиге жеке өзүнө багыттап кат жазып, элчи чагымчыл маалыматтарды таратып, каралоого өткөнүн айткан. Бул үчүн элчи кечирим сурап, жалаа жабууну токтотуусун талап кылган.

Ошондой эле Аскар Айтматов түрк элчисинин мындай аракеттери үчүн сотко берүү маселесин ойлонуп жатканын айтып, аны Кыргызстандын телеканалдарынын бирине дебатка да чакырган.

Эске салсак, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат Аскар Айтматовду ФЕТО уюмунун мүчөсү экенин жарыялап, мындай учурда Түркия менен кызматташуу мүмкүн эместигин билдирген. Жеңгиз Камил Фырат билдирүүсүн элчилик аркылуу таратып, Чыңгыз Айтматовдун элесине арнап эң көп иш-чара өткөргөн мамлекет Кыргызстандан кийин эле Түркия экенин айткан.

Мындан тышкары, Түркиянын Кыргызстанда жүргүзүп жаткан иштери, Анкаранын Бишкекке берип жаткан жардамдарын санап берген.

2019-жылдын 12-майында Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы уюштурган ооз ачуу иш-чарасында мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакырганы үчүн нааразы болуп, ресторандан чыгып кеткен. Анда дипломат Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да эске салган.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: