Menu

Өзбекстанга жети жылдык тыныгуудан кийин HRW делегациясы келди

Бөлүшүү:

Ташкентке 2-сентябрда эл аралык «Хьюман Райтс Вотч» (Human Rights Watch) уюмунун расмий делегациясы келди. Уюмдун Ташкенттеги өкүлчүлүгү 2010-жылы жабылган.

Өзбекстандын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, сапардын максаты Өзбекстандагы адам укуктарын камсыздоо, республика жетекчилиги менен кызматташуу маселелерин талкуулоо болуп эсептелет.

Сапардын жүрүшүндө делегация министрлик, укук коргоо органдары, адам укктарын коргоо жана жарандык коомчулук боюнча институттардын өкүлдөрү менен жолугушат. «Хьюман Райтс Вотч» Өзбекстандын башка аймактарын дагы кыдырууга ниеттенүүдө.

Human Rights Watch уюмунун Ташкенттеги өкүлчүлүгү 1996-жылы ачылган. Уюм өлкөдөгү адам укуктары боюнча абалды талдап, байкоо жүргүзүп келген. 2005-жылы кандуу Анжиян окуясынан кийин куугунтукка кабылган.2010-жылдын этегинде Юстиция министрлиги Human Rights Watch уюмунун Ташкенттеги өкүлчүлүгүн жабуу туралуу Жогорку Сотко кайрылган, сот бул өтүнүчтү дароо эле канааттандырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: