Menu

Эмомали Рахмондун сынына кабылган бажы кызматкери жоопкерчиликке тартылган жок

Бөлүшүү:

Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиги президент Эмомали Рахмон тарабынан катуу сынга алынган «Душанбе-1» бажы терминалынын башчысы Шахбоз Ражабзоданы кылмыш жоопкерчилигине тарткан жок.

Мекеме жетекчиси Сулаймон Султонзода билдиргендей, аларга Ражабзода боюнча «эч кандай даттануу» болбогондуктан, ага карата текшерүү жүргүзүлгөн эмес.

Эмомали Рахмон 10-майда бажы кызматкерлери менен жолуккан маалда Шахбоз Ражабзоданы ордунан тургузуп, анын канча үйү жана автоунаасы бар экенин сураган. Мамлекет башчы Ражабзода начар окугандыгы үчүн университеттен чыгарылганын белгилеп, аны «өлкө жетекчилеринин атынан көп сүйлөйт» деп айыптаган.

«Сенин күнөөң башыңдагы чачыңан дагы көп. Буга чейин иштеген жерлердин баарынан кетиришкен. Бул кызматка кандайча дайындалып калганың түшүнүксүз болуп жатат», — деген Рахмон.

Андан соң мамлекет башчы Ражабзодага өз каалоосу менен кызматтан кетип, чет өлкөгө которгон бардык акчасын мамлекетке кайтаруу буйругун берген.

Анда Шахбоз Ражабзода «Душанбе-1» бажы терминалынын башчысы кызматындагы бир жылга жетпеген убакытта борбордон үч батир жана кымбат баалуу автоунаа сатып алганы, ошондой эле бул аралыкта анын лейтенант наамы подколковникке чейин көтөрүлүп, дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнө 16 жолу чыгып келүүгө жетишкени белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: