Жазбаса Кыргыз Улутун,
Кесесиң урпак ырысын.
Жоо болуп эле Кыргызга,
Тыйтаңдап мынча тырыштың?
Тынымсыз жинге тийгенди,
Жок кылат Кыргыз тымызын…
Эскертүү кылам эсиңе ал,
Көздөй бер “жандын тынычын”!
Унутуп жатат окшойсуң,
Арсызды МАНАС кырышын…
Төңкөрүш болуп кетпесин,
Түшүрсөң Кыргыз жылдызын!
Каарына калсаң кыргыздын,
Качкандардын артынан
Ээрчитип бүлөөң бараарсың!!!
Бузбагын Кыргыз арасын,
Сыйрыба бүтпөс жарасын.
Кыргыз деп жазбай койсоңор,
Кыргыздар жатып алмакпы?
Кырышаар калган калмакты…
Бийликтеги төбөлдө-ө-өр,
Жоготпо болгон салмакты!
Президентке айтаарым:
– Жок кылам десе Кыргызды,
Жоготкун ошол дардакты!!!!
саат 21.50 – 22.10 2016-ж.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ