Menu

Видео – Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева чет элден келген жардамдар кайда жумшалгандыгын эсептеп берди

Бөлүшүү:
Кечээ, 2-июлда Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева өкмөттүк онлайн-брифингде чет элден келген жардамдар кайда жумшалгандыгын эсептеп берди.
Ал учурдагы түзүлгөн кырдаалдан улам мамлекет эл аралык финансы органдардан жана донор өлкөлөрдөн 3 багытта жардам суроого аргасыз болгонун белгиледи. Алар:
– бюджетти колдоо;
– COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу;
– экономиканы колдоо.
Бюджетти колдоого грант жана кредит түрүндө 408,1 млн АКШ доллары алынган. Анын ичинде 41 млн доллар грант, 366 млн доллары насыя түрүндө тартылып жатат. Бул сумманын ичинен 291,9 млн доллар Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан келип түштү. ЭАВ фондунунан акча каражатынын I траншы казынага 31-мартта, II транш 10-майда келип түшкөн.
Эл аралык валюта фондунун каражаты кайда жумшалган? (I транш)
“2020-жылдын апрель-май айларынын ичинде Эл аралык валюта фондунун (I транш) эсебинен жүргүзүлгөн чыгымдар республикалык бюджеттен 9 765,8 млн сом суммада чыгашалар жүргүзүлдү”, – деп билдирди финансы министри Бактыгүл Жээнбаева.- эмгек акы төлөөгө – 4 115,5 млн сом,
– социалдык муктаждык төгүмдөргө – 498,5 млн сом,
– социалдык фондго трансферттер – 2 131,3 млн сом,
– Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун трансферттерине – 1 310 млн сом,
– теңдөө трансферттерине – 160,8 млн сомо (МӨБ органдарынын айлык акысы),
– калкты социалдык камсыздоо жана социалдык жардам боюнча жөлөк пулга – 1 102,9 млн сом,
– медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 106,3 млн. сом,
– стратегиялык кам көрүүлөргө (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан данды сатып алууга)– 240,1 млн сом,
– COVID-19 илдети менен күрөшүү максатында оор турмуштук кырдаалга кабылган калк үчүн социалдык коргоо органдарына каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам, тамак-аш азыктарын сатып алууга – 100,4 млн сом.
Азия өнүктүрүү банкынын каражаты каяка жумшалган?
Азия өнүктүрүү банкынын 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардамы бюджетти колдоого берилген, 10-июнда КР ФМ Борбордук казыналыгынын эсептерине түшүп, 3 743,8 млн сом суммасында бюджеттин ресурстук бөлүгүндө чагылдырылган.
Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 3 743,8 млн сомго социалдык маанилүү чыгымдар каржыланган. Анын ичинде:
– эмгек акы төлөөгө багытталган сумма – 2 859 млн сом;
– социалдык муктаждыктарга төгүмдөр үчүн – 362,2 млн сом;
– социалдык жактан камсыз кылуу жана калкка социалдык жардам көрсөтүүгө – 67,6 млн сом;
– ММКФга которууга – 455 млн сом.
“Бүгүнкү күндө алынган бардык каржы каражаттары максатка ылайык жумшалды. Бардык чыгымдар жөнүндө толук жана ачык маалымат берүүгө даярбыз. Бардык маалыматтар биздин расмий веб-сайтта да берилген”, – деди Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: