– Атамбаев эч качан, эч кимге бийликти өткөрүп берген эмес. Бул тууралуу анын 6 жылдык президенттик мөөнөтү айтып турат. Анын бийликке болгон сүйүүсү жана оорулуу амбициялары ушунчалык бийик болгондуктан Кой-Ташка жатып алып, “серый кардинал” болуш үчүн Конституцияны өзгөртүүгө барган. Жээнбековду шайлоодо ал жеке өзүнүн ушул амбицияларын ишке ашырыш үчүн гана колдогон. Бул жөнүндө Темирлан Султанбеков деген жаш партиялашы ТВга маек берип жатып айтты. Кайдагы достук! Кайдагы өлкөнүн кызыкчылыктары! Кайдагы жаш, креативдүү Сапар! Кечирип койгула, күлкүнү келтирбегиле! Темирландын ушул сөзүнөн кийин мындан да түшүнүктүү болду: мунун баары пропаганда болгон! Демек Атамбаев 2017-жылы эле өзүнүн досун каратып туруп толугу менен сатып кеткен! Ырас, анын ою ишке ашпай калды. Ошондой эле Сапарды дагы өкмөт башчы кылып дайындап, аны дагы сатты да! Анткени анын ролу АША айтмакчы “колхозник” Жээнбековго каршы салмактап турган, жасалма премьер, Кой-Таштын королу Атамбаевдин кол баласы болмок.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ