Бүгүн, 14-февралда Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун ишине байланыштуу алдын ала угуулар болуп жатат. Кылмыш ишинде Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу жана “Чындык” сайтынын редактору Турсунбек Бешенбеков айыпталуучу катары өтүп жатат.
Отурумдун жүрүшүндө адвокаттар Дамирбек Пайзылда уулунун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышкан. Жактоочулардын айтымында айыпталуучуну камакта калтыруу үчүн негиз жок.
Судья Адылбек Эсенбаев кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, жактоочулардын Дамирбек Пайзылда уулунун баш коргоо чарасын өзгөртүү суранычын канааттандырган жок.
Эске сала кетсек, 13-августта “милиция кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти” деген негиз менен Курсан Асанов кызматынан алынган. 14-августта “ээлеген кызматынан кыянатык менен пайдаланган” деген айып менен ага кылмыш иши козголуп, 27-августта Аскер прокуратурасы шектүү деп таап, Биринчи май райсоту үй камагына олтургузуу чечимин чыгарган. Тергөө органдары Курсан Асановду экс-президент Алмаз Атамбаев менен тымызын кызматташып, анын сырдуу документтерин жашырып алып чыгып берген деген айыптарды тагууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ