Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө визити менен келген Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуу учурунда Өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти, бул албетте, эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө таасирин тийгизет.Абдулла Арипов белгилегендей, эки мамлекеттин элдерин миңдеген жылдык достук жана коңшулаштык алакалар бириктирип турат.

«Өлкөлөрдүн ортосунда ишенимдүү мамилелерге жетишүүгө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Президенттери зор салым кошушту. Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу өттү, анын өзөгү – биздин мамилелерибизди коңшулаштык жана достук маанайда мындан ары карай өнүктүрүү болуп саналат», – деп кошумчалады Өзбекстандын Премьер-министри.

Эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган тараптар өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин жеткирүүгө бирдей умтулуу билдиришти. Белгиленгендей, бул сумма эки өлкөнүн Президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиеев тарабынан белгиленген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, бардык тарапта өз ара аракеттешүүнүн эки тараптуу байланыштарын тереңдетүүнүн келечек жолдорун белгилешти.

Анын ичинде өлкөлөр арасындагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтык, айыл чарба жана энергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: