Menu

Гүлжигит Исаков, жарандык активист: “Бийлик буйрук берсе, Садыр Жапаров бир сааттын ичинде бошонуп кетет”

Бөлүшүү:

– «Кумтөр мафиясынан 100 млн. доллар пара албай койгону үчүн куугунтукталган Садыр Жапаров бир жакта, параны алып, унчукпай отургандар берки жакта» деп айтып чыктыңыз. Деги Садыр Жапаровдун сотунун созулушунда эмне себеп бар?

– Соттун созулушунун себеби бирөө эле – соттор бийликтин көзүн карап турушат. Бийлик «чыгар» деген буйрук берсе, Садыр Жапаров бир сааттын ичинде чыгып кетет. Себеби, 2014-жылы чыккан мунапыс боюнча жаза аткаруу мекемеси «үч жыл төрт айын кыскартып бергиле» деп Аламүдүн райсотуна кайрылган экен. Аламүдүн райондук соту «ал мыйзам ошол жылы алты айга чейин эле иштеген» деген шылтоо менен кыскарткандан баш тартыптыр. Эмне үчүн элдин баарына колдонулат дагы, бир гана Садыр Жапаровго келгенде жарабай калат? 2017-жылы Текебаев менен Чотоновго колдонулуптур, алты ай эмес бир топ мөөнөт өтсө дагы. Ушул жылдын 1-январынан бери өлкөбүздүн баардык аймактарындагы соттор 2014-жылдан берки соттолуучуларга колдонушуп, жүздөн ашык соттолуучулар бошоп кетишиптир. Кечээ эле «10 жылга соттолду» делген Максат Кунакунов дагы чыкты. Бүгүн деле башкалардын баарына колдонулуп жатат. Бийлик «биз сотторго буйрук бербейбиз» деп актанып жатышпайбы, алар буйрук бербесе, соттор саясый иш болгон үчүн чечишпейт. «Чыгарып жиберсем башым кетет» деп ойлонушат.

Ошондуктан, Сооронбай Шарипович жеке өзү кийлигишип, «чыгаргыла» деген буйрук бергенде гана чечилет. Өзүнүн сөзү бар эмеспи, «соттор адилетсиз чечим чыгарса, жалпы эл шайлаган президент катары сөзсүз кийлигишем» деген. Президент катары милдеттүү түрдө өзү кийлигишүүсү зарыл, мурдагы берген убадасын аткарып. Эгер кийлигишпесе, анда Садыр Жапаровдун камакта калышына жеке өзү кызыкдар болобу?..

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: