Кечээ, 1-августтун кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту КР Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовду жана анын жардамчысы Арслан Ибраевди 2 айга, 1-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.
Эсиңиздерге сала кетсек, УКМКнын антикоррупциялык кызматы 30-июль күнү кечинде Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы Арслан Ибраевди чет элдик жарандан 2000 доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан.
Рустамов менен анын жардамчысы токой чарбасына тиешелүү 5 гектар жерди чет элдик жаранга убактылуу пайдаланууга берүү үчүн 5000 доллар пара талап кылып, анын эки миңин алганда кармалды деп айыпталууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ