Menu

Тагдыр: Күйөөм уулунан кечип кетти

Бөлүшүү:

Мен жети жыл мурда биринчи турмушуман ажырашкам. Ошондогу жүрөгүмдүн сыздаганы, зыркыраганы ай, боздоп ыйлаганым ай…

Кайненем бай адамдар менен куда болууну самачу, аны бетиме дагы көп айтчу. Акыры көксөгөнүнө жетти. Улам бир чыр-чатак чыгып отуруп, көп өтпөй ажыраштырып тынды. Колумдагы уулум үч айга толо электе эле анын бай кызга үйлөнгөнүн уктум. Бул мага катуу сокку болду. Ооруп калдым. Ал аралыкта күйөөм кайрадан мага келе баштады. Бактысыздыгын айтты. «Ажырашам, сени менен жашайм» деди. Аны аялы билип калып жаңжал чыгарып; «үч талагың бересиң, уулуңдан кечесиң» дептир. Телефон чалып, талагымды берди. Көзүмдүн жашын агызып уулумдан да кечти. Ачуума чыдабай «мага талак берсең да уулуңдан кечпешиң керек эле. ЬІмыркайда эмне айып? Ылайым сага Кудайым уул бербесин, уулга зар болуп кал!» дедим да, сыздап ыйлаган бойдон кала бердим.

«Баламды чоңойтом, бутка тургузам» деп жүрүп, жарытып эч кимге көңүл бөлбөптүрмүн. Арадан беш жыл өттү. Ал аралыкта мурунку күйөөм үч кыздуу болду. Бир күнү иштен үйгө келсем, мурунку күйөөм үйүмдүн жанында мени күтүп туруптур. «Баламды көргөнү келдим» деди. Унчукпадым да баланы жетелеп чыктым. Беш жылда өмүрү көрбөгөн баласын «уулум» деп кучактады. Уулум чочуп, жат адамдан качты. Күйөөм көзүнө жаш ала өксүп ыйлап, «мен, менмин… сенин атаңмын, качпа менден» деп жалынып-жалбарып атты. «Мен ажырашам, силер менен жашайм» деди. Мурда сыздап, ыйласам мен бүгүн күлдүм, «үй-бүлөң менен жаша, ажырашпа, кыздарыңа кыйын болот» дедим да, уулумду жетелеп үйгө кирип кеттим. Андан көп узабай көңүлүмдөгү адамга жолуктум. Турмушка чыктым. Катарынан эки уул төрөдүм. Жолдошум экөөбүз Кудайга шүгүр, эл катары жашайбыз. Кайын журтум жөнөкөй адамдар. Убагында көзүмдүн жашын көлдөтүп үч талак бергени аз келгенсип, уулунан кечкен «ата» дагы деле баламды издеп жатыптыр. Көрсө, аялы бешинчи кызын төрөптүр.

Адамдын бакыты байлыкта эмес. Бир кездеги сыздаган күндөр артта калды. Ошондуктан убактылуу акчага алданбай, адамдык сапатты, эртеңки турмушту ойлонолучу!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: