Menu

Бейшенбек Бекешов, журналист: “АША баарыбыз үчүн сыноо. АШАны колдоп жаткан принципсиз, уятсыз жана саткындардын бирин калтырбай тизмелеп алып, кийин эл башкарууга жолотпошубуз керек “

Бөлүшүү:

“Жер ээн болсо доңуз төбөгө чыгат” дейт кыргыз. АШАны колдоп, коргоп жаткандардын АШАнын өзүндөй эле улам күчөп, азынап баратканы акыл-эси жайында деген элдин башы чатына кирип унчукпай жатканынан гана болууда. Ошентсе да унчукпоонун башкы себеби бул иштин баарын бийлик жөнгө салууга тийиш деген илгери үмүттө. Бийлик принципсиздигин көрсөтсө гана элдин үнү чындап чыга баштаарында кыпындай да шек жок.
Мунун кашкайган далили АШАнын Путинге барып келиши болду. Анын Россияга учуп кетээри анык болгондо элдин дээрлик токсон тогуз пайызы “качты, кайрылып келбейт” деп түшүндү. Себеби АШАнын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча башкача ой жооруу дээрлик мүмкүн эмес болчу. Ушунчалык оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан кишини бийлик эч суроо-сопкуту жок өлкөдөн чыгарып жиберсе, чоң балээ мына ошондо башталмак. Чыныгы Үчүнчү революция ошондо болмок. Социалдык тармакта мындан башкача маанай байкалган жок. АШАны Батукаевдей кылып узатып жаткан бийликти жерден алып көргө, көрдөн алып сууга салган пикирлер иттин кара капталынан болду. Жээнбековдорго аздыр-көптүр симпатиям бар мен өзүм да эң жаман сөздөрдү айтуудан кайра тартпадым. Бийлик али ыргылжың болуп жатса таасир этели дедик, чындап чечими ошол болсо кечтим байдын кызынан дедик. Себеби андай бийликтин АШАдан айырмасы болмок эмес.
Эмнеси болсо да ошол кырдаалда сабыр күтө албаган элди бир сыйра кырылыштырып, Соке сойду баарыбызды. Путин экөө АШАны бутунан аркандап койгонун кайдан билдик. Күлгө чапкан көтөндөй бозала болуп келди го кайра.
Ошентсе да ушул жерде бир чоң өзгөчө жагдай бар экен. Россия биздин кылмышкер жетекчилер башпаанек кылчу да жер тура. Качып кетээр жери турса ууру-кески чоңдор эмнеден тартынат эле. Анын үстүнө мамлекет башына баргандардын өз ара тилектештиги, таграак айтканда мафиясы пайда болот окшобойбу. Ар кандай кыйын кезеңде бири бирин колдоп-буттап турган. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, булардын баары өздөрүнүн таза эмес арты эртедир-кечтир көрүнөөрүн билип, ошонун камын жешет тура. Казакстан чек арасын кайра-кайра жаап салып жатканы сыяктуу, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн бүтүндөй мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануудан кайра тартышпайт экен да. Ошондуктан бир беткей Россияны караган саясат биздин мамлекеттик кызыкчылыгыбыз үчүн, деги эле толук кандуу эгемендүүлүгүбүз үчүн зыяндуу экени ушул жолу кашкайып көрүндү окшойт.
Ошентсе да АШАнын кашасы али бүтө элек. АШАга мамиле ар бирибиз үчүн абийирибиз менен ар-намысыбыздын сыноосу. ЖЭБден 150 миллион доллар жесе, Датка-Кеминдин зымынын ар бир километрин 1 миллиондон ашуун долларга тартса (эң чоң асфальт жолдун да километри 1 миллион болбойт), Дача-Сууну кыйраткан учак сыяктуу эсепсиз акчага аткезчилик кылса, аялы баш болгон шайкасы чет элдик инвесторлордун мүлкүн рейдерлик кылса, өзү шайкасы менен биригип мамлекеттин жерине хан сарай салса, анысы аз келгенсип, далай кыргыздын түбүнө жеткен ашынган кылмышкерди түрмөдөн качырса, ошондон кийин да элди келесоо, макоо санап, оозуна келгенин оттоп аксымданып, ашынган карөзгөйлүгүн көрсөтүп турса, ушунун баарында салык төлөөчү жана жаран катары менин укугум талкаланып жатса, жеке мен муну көтөрө албайм. АШАнын аёосуз жазаланышы үчүн өлбөгөн жерде калам. АШАны колдоп жаткан принципсиз, уятсыз жана саткындардын бирин калтырбай иликтеп, бадырайтып тизмелеп алууну сунуш кылам. Алардын кылмышка шериктеш болгону аныкталбай калган күндө да бирин да эл башкаруу ишине жакын жолотпошубуз керек. Эгер биз АША деген сынактан абийирибиз менен өтө албасак эл да, мамлекет да, адам да боло албайбыз. Андай коомдун жер бетинде жашоого укугу жок. Ал эми азыркы бийлик элдик болом десе бул маселеге өзүнүн олчойгон чекитин коюуга тийиш.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: