Menu

1,5 млрд. сомго жакын акчанын канчасын аткаминерлер жейт?

Бөлүшүү:

“Электр станциялар” ишканасы кышкы мезгилге даярдык катары Казакстандан 400 миң тонна көмүр сатып алуу үчүн 1 млрд. 420 миллион сомго тендер жарыялай турган болду. Тендерге катышып, көмүр алып келгиси келгендер ишкана койгон талаптарды аткарышы керек. Мисалы, көмүрдүн калорийи сапаттуу болушу абзел. Эң кызыгы атың өчкүр, аты бар заты жок “Электр станциялар” ишканасы көп жылдан бери Казакстандын “Шабыркүл” деп аталган көмүрүн өндүрүп келаткан «Шабыркуль комир» АОсу менен түзмө-түз сүйлөшө албай, бир байкуш болуп келет. Ошондуктан бул ортомчулук ишти “Рассвет компани” деп аталган жеке компания аткарып, болушунча пайдасын көрүп жатканы маалым. Албетте, ал ортомчу компаниянын артында чоң адамдар турат. Анткени ортодо оңбогондой чоң акча ойноп жатпайбы. Болбосо өкмөт деле казактар менен түз сүйлөшсө Шабыркүл көмүрүн алда канча арзан алмак. Президент эмне үчүн бул маселеге көз салбайт. Бул жагы да көп суроолорду туудурат. Кыскасы, бул көрүнүш акча жемейдин ийгиликтүү ишке ашып келаткан даңгыр жолу эмеспи…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: