Menu

КР Өкмөтү Ирак жана Сириядан балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ирак Ислам Республикасында жана Сирия Араб Республикасында жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Сирия Араб Республикасынын «Качкындар үчүн курд лагерлеринде» кармалып жаткан жана Ирак Ислам Республикасынын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын кайтарыпкелүү боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилигинин астында тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

Учурда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, бардык жумушчу топтун мүчөлөрүнө Ирак Ислам Республикасынын визасы чечилген жана Кыргыз Республикасынан Ирак Ислам Республикасына чартердик рейсти уюштуруу маселеси чечилген. Мындан тышкары Ирак Ислам Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн кыргыз тараптан финансылыккаражаттар такталды.

Азыркы тапта финансылык каражатты бөлүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунундолбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында каралып жатат.

Белгилей кетсек, Ирак Ислам Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана ирак тараптын ички процедураларын эске алып, аталган жумушчу топтун мүчөлөрү Ирактын Багдад шаарына ушул жылдын сентябрь айынын башталышында Ирак Республикасынын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өткөрүп жаткан Кыргыз жарандарынын балдарын алып келүүгө бара турганы чечилди. Азыркы учурда сапарга чыгууга тиешелүү даярдыктар жүрүүдө.

Ал эми Сирия Араб Республикасынын “Качкындар  үчүн курд лагеринде” кармалып жаткан кыргызстандыктарды кайтарып келүү маселеси боюнча, Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси аркылуу Сириядагы качкындарүчүн курд лагерлерине кире алуучу Эл аралык уюмдарынын ресурстарын колдонууга, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сирияда жүргөн даректерин так аныктоого жана аларды Кыргызстанга кайтарып келүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар бүгүнкү күндө жүргүзүлүүдө.

Өкмөт тарабынан тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп, бул маселе Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: