Menu

Видео – Белоруссиянын президенти Лукашенко Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди туулган күнү менен куттуктап, Көз карандысыздык дворецинде кабыл алды

Бөлүшүү:

“Кечээ, 6-августта Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өзүнүн коллегасы жана досу – Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев менен жолугушту”, – деп билдирет Белоруссиянын мамлекеттик расмий БелТА маалымат агенттиги.

Жолугушуууга Курманбек Бакиевдин 70 жылдык юбилейи себеп болгон. Белоруссиянын лидери Көз карандысыздык дворецинде Курманбек Бакиевди жылуу сөздөр менен куттуктап, кыргыздардын этникалык колоритин жана өзгөчөлүгүн белгилеген “Көчмөндөрдүн бүркүт менен аңчылыгы” аттуу картинаны белекке берди. Андан сырткары Лукашенко Бакиевге канжар жана белорус гүлдөрүн белекке таруулады.

“Аттар жана бүркүттөр… Бул деген менин өлкөм да…”, – деди картинаны көргөн Курманбек Бакиев.

“Сенин өлкөң жана сенин стихияң. Бүркүттү карачы, сага окшош”, – деди Лукашенко. Курманбек Бакиев белектери үчүн Лукашенкого ыракмат айтты.

“Ыракмат менен кутулуп кетем дебе, биз баарыбыз сенин туулган күнүңө үйүңө келебиз. Бизге кыргыз палоосун басып бересинби? Палоо сенден, винону биз өзүбүз алып келебиз”, – деди Александр Лукашенко.

“Албетте, өз колум менен накта кыргыз палоосун жасап берем”, – деп жооп берди Бакиев. Андан кийин президент Александр Лукашенко коллегасы жана досу Курманбек Бакиевди өзүнүн президенттик иш кабинетине чакырды. Кабинетте Лукашенко менен Бакиев Белоруссия менен Кыргызстандын желектеринин жанына токтошту. Желектер адаттагыдан өзгөчө – голограмма түрүндө жасалган экен.

“Муну биздин айтишниктер жасады. Бүгүн бизде сенин юбилейиңе карата белорус-кыргыз достугунун күнү”, – деп билгиледи Белоруссиянын президенти. Куттуктоолор аяктагандан кийин Александр Лукашенко менен Курманбек Бакиев жумушчу жолугушуу өткөрүп, актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Булак: БелТА

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: