Menu

Министр Жунушалиев «Азия Ньюс» менен соттошкондон айланабы? Андан көрө өз милдетин аткарбайбы!

Бөлүшүү:

Кашкар Жунушалиев министр болуп келгени милицияда реформа болмок турсун, кайра артка кетти. Кана, кайсы кыйраткан ишин кеп кылабыз? Тескерисинче, ИИМдин ичинде интрига күчөп, орун басарлары менен тымызын тирешкени, айрым башкармалыктын начальниктерин ачык эле жерип, куугунтуктаганы көнүмүшкө айланды го? Кыргыз-тажик чек арасында, Солтон-Сарыда чатактар улам-улам чыгууда. Мындайда алдын ала иш жүргүзүп, анализдеп, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо үчүн күрөшүш керек болчу. Андай ийгилигин көрө алган жокпуз. ИИМ Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча дүңгүрөтө кылмыш ишин козгоп алып, тергөөнү «алалап» жүргүзгөнү, анан калса, Атамбаевге үч жолу чакыруу жөнөтүшүп, аягы как башка жегендей отуруп калышты. Мыйзамдуулукту сындырышты, мамлекеттин кадырын кетиришти! Дача-СУдагы кырсыкты тергөөдө тыйынга арзый турган иш кыла алышпады. Өлкөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүүдө ийгиликтерди көрө алган жокпуз. Кана статистика? Тилекке каршы, ар ай сайын милиция кызматкерлери кылмышка шектелишет, камалышат. Мына ушул сыяктуу жат көрүнүштөр ИИМдин ичин «иритип» атканда, «Азия Ньюс» менен Кашкар Жунушалиев соттошкондон айланабы? 7-башкармалыктын начальниги Бакыт Матмусаевди өзүнө «чиркеп» алып, «Азия Ньюстан» баш-аягы 10 миллион сом доолап атышкан кербездери. Жолуңар болгурлар! Гезиттин иши ушул да, иштей албаган аткаминерди сындайт, көзүн ачып турат. Андан көрө өз милдетин тыңгылыктуу аткарып алып, кылган эмгеги менен үлгү көрсөтпөйт беле? Деги бийиктигин көрө албадык. Айтор, Жунушалиев алыска чуркабай калды. Жакында «соодасы» бүтөт, кетет…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: