Menu

Тажик адвокаттары ур-токмокко алынган кесиптешин коргошууда

Бөлүшүү:

Тажик адвокаттары кесиптеши Абдулазиз Абдурахмонзодага каршы кыйноо колдонулганы тууралуу маалыматтарды кылдат иликтөөнү талап кылышууда. “Алдамчылык” беренеси менен айыпталып жаткан жаш адвокат үй камагында отурат.

Тажикстандагы юристтердин эл аралык комиссиясынын төрагасы Дилшод Жураев укук коргоо жана көзөмөл органдары Абдурахмонзоданын кыноо жөнүндөгү арызын карашы керек деп эсептейт.

Тажикстан Адвокаттар биримдигинин мүчөсү Абдулазиз Абдурахмонзода Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы агенттигинин кызматкерлери аны мыйзамсыз кармап, кыйноого алышканын билдирген. Абдулазиз Абдурахмонзоданын айтымында, коррупцияга каршы кызматтын өкүлдөрү анын тишин сындырып, катуу сабашкан.

“Адвокат негизсиз түрдө алдамчылыкка айыпталууда. Абдулазиз Абдурахмонзода көрсөткөн кызматы үчүн гонарар алган жана мыйзам буга тыюу салбайт”, – деди Тажикстан Адвокаттар биримдигинин башчысы Саидбек Нуриддинов.

Май айынын аягында Абдурахмонзодага “Алдамчылык” беренеси боюнча иш козголгон. Иш Сино райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы агенттиги бул боюнча комментарий берген жок.

27 жаштагы Абдулазиз Абдурахмонзода төрт жылдан бери адвокат болуп иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: