Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Сизди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктайм!
Кайрымдуулук, боорукердик жана өз ара жардамдашуу сыяктуу бийик дөөлөттөргө чакырган бул ыйык майрам береке жана молчулук алып келсин.
Курман айт биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин салттарына негизденген биримдиктин жана тилектештиктин бекемдешине өбөлгө болсун», — деп айтылат Касым-Жомарт Токаевдин телеграммасында.
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бир тууган элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ