Menu

New York Times: Адам уурдоо боюнча соттолгон адам премьер-министр болуп шайланды

Бөлүшүү:

КР парламенти бир нече күн мурун демонстранттар тарабынан түрмөдөн бошотулган адамды премьер-министрликке бекитти. Бул тууралуу New York Times жазат.

Басылма Кыргызстан Борбор Азиядагы жападан жалгыз демократиялык өлкө экендигин белгилейт.

Өлкөдө бир жумага жакын созулган толкундоолорду токтотуу үчүн каршылашкан саясатчылар макулдашып, адам уурдоо боюнча соттолгон адамды ишемби күнү Кыргызстандын премьер-министри болуп шайлаганын басылма белгилейт.

Белгиленгендей, өкмөттү Садыр Жапаровдун башкармалыгы астында өткөрүп берүү чечими көчөдөгү зордук-зомбулукту басууга жардам бериши керек.

“Бирок, айрымдар өткөн жекшембидеги парламенттик шайлоонун талаштуу натыйжаларынан улам келип чыккан бийлик күрөшүндө кылмышкерлер үстөмдүк кылып жатышат деп кооптонушууда” – деп жазат басылма.

Демонстранттар анын кабинетине чабуул жасагандан кийин көздөн кайым болгон Сооронбай Жээнбеков жума күнү кайрадан пайда болуп, мурдагы өкмөттү кетирип, жаңы министрлер кабинети түзүлгөндөн кийин кызматтан кетүүгө убада берип, кырдаалды турукташтыруу аракетин баштаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: