Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шайлоо мыйзамдарына өз сунуштарын жазды.
Ал төмөнкүлөрдү сунуштайт:
1) Шайлоо күрөөсүн партиялар үчүн гана эмес, ошондой эле президенттикке талапкерлер үчүн да төмөндөтүү;
2) Партия үчүн дагы, президенттикке талапкерлер үчүн дагы шайлоо фонддорунун көлөмүн кыскартуу (партиялар үчүн 300 миллиондон 50 миллионго чейин, ал эми президенттикке талапкерлер үчүн – 200 миллиондон 100 миллион сомго чейин);
3) Республикалык босогону жана региондук босогону төмөндөтүү (7% дан 3% га чейин жана 0,7% дан 0,3% га чейин);
4) катталган талапкерлерди мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жетекчи кызматтарынан баш тартууга милдеттендирүүгө;
5) талапкерлердин тизмесин съездден кийин жарыялоо;
6) Добуш берүү күнүнө чейин бир жолу жана 30 күн калганда гана №2 форма аркылуу каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү, шаардын, аймактын ичинде №2 форманы каттоого тыюу салуу;
7) Талапкерлерге жана партияларга кайталап шайлоого катышууга тыюу салуу керек, алардын айынан шайлоо жараксыз деп табылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ