Menu

ИИМ: Рита Карасартова социалдык тармактарда ушак таратып жатат

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматка байланыштуу ички иштер министрлиги Рита Карасартованын билдирүүсүндөгү маалыматты төгүндөйт. Анын маалыматында, Кой-Таш айылынын жашоочусу (аял киши) өз айылына кире албай жаткандыгы, жаракат алган жергиликтүү тургундар ооруканага кайрыла албай, өз күчтөрү менен даарыланып жаткандыгы көрсөтүлгөн. Айылда бардыгын кармап, опуза талап кылып, коркутуп жатышы мүмкүн делип жайылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары, айрым маалыматтык агенттиктерде Кой-Таш айылынын жашоочулары даарыгердик жардам алуу үчүн шаардык ооруканага кайрылуудан коркушууда жана аларды даарылоодон баш тартып жатышат делген материал жарыяланган. Ички иштер министрлиги расмий түрдө билдирет, 7-8-августундагы окуялардагы фактылар боюнча иликтөөлөр калыс жана бардык укуктар менен мыйзамдуу кызыкчылыктарды сактоонун мыйзамдуу ыкмалары менен жүрөт. Азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан 7 жана 8-август күндөрүндөгү окуялар боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Ар кандай маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда жарыяланган видеолор, фотоматериалдар текшерилүүдө. Мыйзамды бузуу фактысы боюнча кылмыш иштерин ар тараптуу жана калыс иликтөө камсыздала тургандыгын дагы бир жолу белгилейбиз. Ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамдын алкагында гана өздөрүнүн иштерин жүргүзүшөт жана эч кандай опуза талап кылуулар, коркутуулар, кугунтуктоо болгон эмес.

Эгерде милиция кызматкерлери тарабынан укукка жат келген иш-аракеттер болгон болсо, анда ИИМге же прокуратурага кайрылсаңыздар болот.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: