Menu

Трамп: АКШ орусиялык ракетанын жарылуусунан көп маалыматка ээ болду

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядагы ийгиликсиз аяктаган ракеталык сыноонун жыйынтыгы менен америкалык адистер көптөгөн жаңы маалыматтарга ээ болгонун билдирди.

Ал Твиттердеги билдирүүсүндө: “Кошмо Штаттар Орусиядагы иштебей калган ракетанын жарылуусунан көп нерсени билди. Бизде ушул сыяктуу, бирок мындан алда канча жакшы технология бар. Орусиялык Skyfall ракетасынын жарылуусу полигондун жанында эле эмес андан алыс жашаган кишилерди дагы абанын булганышы боюнча тынчсыздандырууда”, деп жазды.

“8-августта Архангельск облусунда ядролук күйүүчү май колдонгон ракетанын кыймылдаткычы жарылганы кабарланган. Аскер полигонунда беш кызматкер каза болгон. Америкалык тараптын маалыматына караганда, сыноо ийгиликсиз өткөн. АКШ өткөн кылымдын 60-жылдарында бул сыяктуу курал иштеп чыгуудан баш тарткан, себеби идеаны аткаруу мүмүн эмес деп табылган.

«Росатом» корпорациясынын башчысы Алексей Лихачёв 12-августтагы аза күтүү митингинде куралдын жаңы үлгүсүн иштеп чыгуу уланарын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: