Menu

Саламаттыкты сактоо бизнеске айланганбы?

Бөлүшүү:

Билим берүү министрлиги берген мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттар менен дипломдордон чыккан каталарды коомчулук айтып жатып чарчап бүттү. Анысы аз келгенсип, миңдеген нуска окуу китептерден чыккан каталар үчүн министрдин кылы кыйшайып койгон жок. Коомдо талкууланып жаткан жалпы пикирлерге бийлик көңүл да бурган жок. Эгер темирдей бекем тартип болгондо, министри баш болуп, бөлүм башчылары төш болуп кызматтан кетишип, ордуларына татыктуу кадрлар келишмек, «Ыйлагандын көзү, айткандын оозу жаман» дегендей, саламаттык сактоо министрлигиндеги кадрдык башаламандык, ойлонулбай жасалган реформалар коомчулуктун нааразычылыктарын жаратууда.

Өкмөттүн жүзүнө көлөкө түшүргөн анын бир катар жоопкерчиликти эмес, ыйгарым укугун ашыра пайдаланган мүчөлөрү экени талашсыз. Алардын бири катары саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев канча убакыттан бери ызы-чуунун чордонунда болуп келүүдө. Анын ашепке кеткен аракеттери министрликти алдыга жылдырбай эле, артты көздөй тоголоткон кадамдары коомчулуктун назарында.

Ушул жылдын башталышында саламаттык сактоо министрлиги автоунаа сатып алуу жагынан рекорд койду. Министрдин кымбат баалуу заманбап жолтандабас айдап жүргөнү, ал гранттык каражатка сатылып алынганы депутаттарга чейин жетти. Депутат Аида Исмаилова парламенттин жыйынында аталган министрлик менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 5,6 миллион сомдук унаалардын сатылып алынышы боюнча меселени көтөрдү. Тактап айтканда, министрлик эки жолтандабас унаасын RАV-4 (42 миң доллар) жана Тоyоtа LC (59 миң доллар) сатып алган.

Бирок, министрдин баяны депутаттарды ынандыра албады. Министрликтен канчалык «автоунаа министрге эмес, адистерге алынган» деп сайрашпасын, заманбап машинеде Чолпонбаевдин чалкалап жүргөнү көпчүлүктүн көз жаздымында калбады. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Абдывахап Нурбаев жолтандабас министрдин карьерасына коюлган чекит болуусу керектигин жарыялаган.

«Бүткүл дүйнөлүк банк саламаттык сактоо министрлигине 11 милаион доллар бөлүптүр. Бул каражаттар аймактардагы 64 ооруканага бөлүнүшү керек эле. Бирок, кызматка Чолпонбаев келгенден кийин ал Бүткүл дүйнөлүк банкка кат жазып, келишимге өзгөртүү киргизип, эки жолтандабасты сатып алган. Бул эмне, 64 ооруканада дарыланган миндеген жарандарыбыздан Космосбек Чолпонбаевдин көчүгү кымбат турабы? Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети бул фактыны карап, «министрдин кылык-жоругуна премьер-министр баа бериши керек» деген тыянакка келген.

Ушундай эле пикирди депутат Рыскелди Момбеков да жолдогон. Ал экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди мисал келтирип, ал өзүнө Lexus сатып алгандан кийин
кызматынан кол жууганын эске салган. Так ушундай эле кырдаал транспорт министрлигине да байланышкан. Президент ага коопсуздук кеңештин жыйынында кызматта калуута моралдык акысы жоктугун айткандан кийин креслосу менен коштошууга аргасыз болгон. Мына ушуларды айтып келип, депутат «Космосбек Сариевич, балким сиз өзүңүз эле кетип калаарсыз?..» деп суроо узаткан министрге.

«Космосбек Чолпонбаевдин өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгендигинин сыры башкажакта жатпасын?» деген ойго да келесиң. К.Чолпонбаев бир да жолу адам дарылап көрбөсө да, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун бириктирип, башаламандыкты алып келген. Мисалы, врачтардын айтуусу боюнча «терапевт, педиатр жана гинекологдор аралашып эле калдык» дейт. Калкты дарылоодо эч кандай деле өзгөрүү болбогондугун айтышат.

Депутат Сагындык Келдибаевдин айтуусу боюнча «мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнө артында кылмыш иши бар Дастан деген кадрды алып келгендигин, Нурлан Бейшеналиев деген кадрына да коррупцияга каршы кызмат кылмыш ишин ачып жаткандыгын, ошондой эле Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментине бекитип жаткан Тилек Жантайбековго да кылмыш иши ачылганы кандай? Ал Мирлан деген ысымын котортуп алганы эмнеси?».

Ош облустук ооруканасы менен балдар ооруканасына эч кандай конкурсу жок эле мыйзам бузуу жолу менен директорлорду бекиткендиги, ошондой эле Оштогу балдар ооруканасына педиатр эмес реаниматологду койгондугу тууралуу айтылып жатат.

Өлкөбүздө болуп өткөн эки төңкөрүштүн жыйынтыгы мына ушундай кадрдык башаламандыктарга алып келди. Бирок, эл оозунда алынган сөзгө караганда, «бул чуулгандуу министр Космосбек Чолпонбаевдин артында кимдер турат? дегенде эле айрым төбөлдүн аялы менен бир институтта окугандыгы тууралуу көп айтылат. Атаңдын көрү дүнүйө! «Калктын ден соолугу да саясат менен бизнеске айланганбы?» деп бармагыңды тиштейсиң.

Бекбол Айдаров

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: