Menu

Фото – Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы Көкташ – Аксай – Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр ошондой эле Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушу боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолунда курулуш иштери башталган. Жалпысынан курулуш башталганы 21 км жол курулган.

Республикалык бюджеттен 2019-жылга карата Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолундагы жол-курулуш иштерине «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 120 млн сом өлчөмүндө каражаттар каралган, алардын ичинде:

– 50 млн сом Көкташ–Аксай жол участогунун бетине асфальт-бетон төшөө үчүн багытталган, учурда 7 км узундуктагы трассага асфальт-бетон төшөө иштери башталды;

– 70 млн сом 13,5 чакырым Аксай–Тамдык жаңы жол участогунун курулушуна багытталат, курулуш (жардыруу) иштери жүрүп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: