Menu

Сабыр Муканбетов, саясий серепчи: “Атамбаевди кейиштүү тагдыр күтүп турат!”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын экс-президенти Атамбаевди кандай тагдыр күтүшү мүмкүн?

– Алмазбек Атамбаев өзүнө-өзү кылды. Орустар айтмакчы, “допрыгался”. Сооронбай Жээнбеков сабырдуулук кылып, эки жыл жакшы эле чыдады. Эл айтты. Владимир Путин да айтты. Баарыбыз “кой, арыдан бери бол!” – дедик. Койбоду! Токтоно албады! “Мен президент кылсам, менин айтканымды кулак сыртынан кетирип, пландарымдын баарын бузду, сатып кетти, эми мунун түбүнө жетмейин тынчыбайм” – деген алгоритмге түшүп алып, акыл-эс менен ой жүгүртүүдөн ажырап калды. Тактап айтканда, элди, жерди ойлобой, өз кара башы менен чөнтөгүн гана ойлоп, кылмыштуу аракеттерге көп баргандыктын айынан, айласыз ушундай калптарды айтып, мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбур болду. Экинчи жагынан түрмөдөгү шакирттеринин да Атамбаевдин шаштысын кетирип “чечиңиз, болбосо агынан жарылып, өз тагдырыбызды өзүбүз чечели” – дегенсиген “намектору” да өзүнчө мотивацияга түртүп жатты. Ошентип, башы айланып, күндөн күнгө жасаган аракеттери абалын оорлоткондон оорлото берди. Бирок ал токтободу. Токтоп ой жүгүрткөнгө Кудай мүмкүнчүлүк бербеди. Себеби, Кудай акылынан айнытып, кылган иштери үчүн жазасын алуусун планга киргизип салган да. Анан Кудайдын буйругу тургандан кийин, Путиндин, Сооронбай Жээнбековдун, элдин, биздин айткандарыбыз жардам бермек беле! Бул Кудайдын эле буйругу! “Колуң менен жасаганды мойунуң менен тарт!”- деп атат. Андыктан, кандай айткан күндө да, Атамбаевдиен мындан аркы тагдыры кейиштүү болот. Ал тагдырды АША өз колу менен чүргөдү. Ким болбосун эл башына келгенде элди ойлобой, өз калтасына ойлосо, акыры аларды ушундай тагдыр күтөт. Ошон үчүн, тарыхта “элим, жерим” деген эл башылар санаалуу.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: