Menu

Видео – Полковник Үсөн Ниязбековду атып өлтүргөн Атамбаевдин тарапкери кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-августта УКМКнын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун командиринин орун басары, полковник Үсөн Ниязбековду 7-августта Атамбаевдин үйүндө атып өлтүргөн атамбаевчи кармалды. Бул тууралу укук коргоо органдарындагы биздин булактар тастыктады.

Кармалган жаран 1990-жылы 14-майда Нарын облусунун Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүнүн Улахол айылында туулган. Өзүнүн айылындагы мектептин  9-классын бүткөндөн кийин Нарын шаарындагы техникумга тапшырган. 2008-жылы ал армияга чакырылып, 1 жыл Улуттук гвардияда кызмат кылган.

Маалыматка ылайык, 7-августта Атамбаевдин тарапкерлери анын үйүнө келген УКМКнын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун командиринин орун басары, полковник Үсөн Ниязбековго кол салып, автоматын күч менен тартып алышып, аны өзүнүн автоматы менен атып салышкан.

Азыр Үсөн Ниязбековду атып өлтүргөн жаран УКМКнын абагына камалып, сурак берүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: