Menu

Асема, ырчы: “Салон жайгашкан имараттын ээси менен соттошобуз”

Бөлүшүү:

-Асема ооруканага түшүп калыптырсың, абалың жакшыбы?

-Рахмат, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлү менен акырындап калыбыма келип жатам. Сулуулук салонум өрттөнгөндөн бери териштирүү иштери менен жүрүп, боюмдан козголуп калды. Буга чейин да бир ирет ошондой болгон. Бир аз эс алсам жакшы болуп калармын деп ойлогом. Бирок болбой эле ойлоно берет экенсиң. Эрттен улам биз 2 миллион сомго жакын чыгаша тарттык. Кызматкерлердин каражаттары күйүп кетти, аны кайтарыш керек. Имаратты ижарага берген киши болсо жоопкерчиликтен качып жатат. Айтор, ушул нерсенин баарын ойлонуп отуруп экинчи ирет боюмдан козголуп жатат. Бул жолкусунда оор абалда ооруканага түштүм.

– Эртерээк сакайып кет. Өрт болгон имараттын ээси жоопкериликтен качып жатат деп калдың, алар менен келишим түзүлгөн беле?

– Биз имараттын кенендигине, шыбынын бийиктигине кызыкканбыз. Албетте, кожоюндары менен келишим түзөлү деп жакшы эле аракет кылдык. Бирок алар көпкө созуп жүрүп алышты. Ошондуктан адамдык сапатка ишенип, тил кат гана жаздырып алганбыз. Имараттын ээси биздин тааныштын өкүл баласы болуп чыкты. Абдан интеллигенттүү үй-бүлө экен. Эмнеге азыр минтип жатышат, түшүнбөй жатабыз.

Өрт чыккандан кийин аларды 10 күндөй күттүк. 10-күн дегенде байланышка чыгышты. Жолугуп, сүйлөштүк, бирок бир пикирге келе алган жокпуз.

Азыр өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттүн келип чыгыш себептери боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгы даяр болду. Алар “өрт ресторан жатан чыккан” деп жыйынтык чыгарып беришти. Бирок кожоюндары “бул кырсык, силер биз да чыгаша болдук” деп кеткен чыгымды төлөөдөн качып жатышат.

– Имаратты ижарага алганда мындай жагдайларды чечишкен эмес белеңер?

– Туура, алдын ала баарын текшерип, коопсуздук жактарын талап кылышыбыз керек эле. Бирок бул маселе да толук чечиле элек болчу. Көрсө, былтыр да ошол жерден электр зымдарынын чуңалуусу болгон экен. Мындай нерсени жашырбай, бизге ижарага берип жатканда бир ооз айтып коюшкан жок да. Биз билген эмеспиз. Быйыл да бир
ооз айтып коюшкан жок да. Биз билген эмеспиз. Быйыл да так ошол жерден маселе чыгыптыр. “Ушундай маселе бар экенин эмне үчүн эскерткен жоксуңар?” десек, билген жокпуз” дешти.

Эми бизде жалгыз эле имараттын ээси менен соттошуу жолу калды. Азыр юридикалык компания, адвокаттар менен сүйлөшүп жатабыз. Буюрса, документтерди чогултуп, андан кийин мыйзам чегинде ишти улантабыз.

Булак: «Супер Инфо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: