Menu

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге түз суроо: Кызмат абалыңыздан кыянаттык менен пайдаланган чайкоочулугуңуз качан токтойт?

Бөлүшүү:

Космосбек Чолпонбаев деген шүдүңгүт министрликти мингенден бери карай Саламаттыкты сактоо тармагы сазга батты. «Чу» дегенде реформа баштагандай таасир жаратып, ал аракетинин арты митинт-пикеттер менен коштолгон маалды кан буугандай токтотту. Андан ары калк айтса калп айтпайт дегендей, бул шумпай эмне максат менен кызматка келгени ачыкка чыкты. Көрсө, элдин чөнтөгүн кагып жаткан дары-дармек бизнесиндеги топту калкалоо үчүн конуптур. Алар азыр каалагандай тайраңдап жатат, жашырып деле болбой калды. Анысына мейли деп кол шилтейин десең, коррупциянын болуп көрбөгөндөй гүлдөгөнү жанды кейитүүдө. Бекер берилүүчү «бахиласынан» баштап сатылууда. Көзөмөл жоголду. Саламаттыкты тастыктоочу 086 сындуу кагаздар көрүнгөн бейтапкананын босогосунда сатылууда. Жалаң бизнести ойлогон Космосбек Саламаттыкты сактоо тармагынын денгээлин батекке чейин түшүрдү.

— Космосбек Сариевич, чет өлкөдөн келген грантка кымбат баалуу жол тандабас сатып алганыңыз мыйзамсыз экени билинген, каражатын кайтардыңызбы? Дары-дармек саткан тармакта олчойгон коррупция бар экени тынбай айтылып келет, ага кандай чара колдондуңуз? Үй-бүлөлүк медицина кызматкерлерине багытталган реформа аягына чыктыбы? Же ал деле баягы суу кечпеген жел сөз боюнча калдыбы?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: