“Эсиңерде болсо Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши козголуп, ага каршы Леонид Маевский жана өзүнүн эски спонсору жана соратниги Өмүрбек Абдрахманов көрсөтмө беришкенде, өзүн акташ үчүн Текебаев өзүн Атамбаев менен болгон күрөштө жапа чеккен адам катары көрсөтүш үчүн бир жомок ойлоп табыш керек эле”, – деп билдирди бүгүн, 16-августта Алмаз Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Ошондо ушул “Дача-Суу” деге жомок пайда болгон. Азыр мени көрүп жаткандар эринбей Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ошол окуяга болгон комментарийин дагы бир жолу карап көрсөңүздөр… Текебаевдин айткандары бир сандырак ойлор. Алгач Текебаев ал самолетто бизди электротехникаларды ташыган деп айткан эле. Кийин, жакында эле берген интервьюсунда Текбаев бизди ал электрочайниктерге алтын салып ташыган деп айтты. Ал акылынан айныган макоо! Ушу кантип болсун? Мунун баарын ал Түркия элчилиги андайды жокко чыгаргандан кийин айтып жатат. Самолеттун ээси чыгып, ал самолетто электрзажигалкалары, телефондор жана смартфондор болгону, алар Кыргызстанга келгени айтылган. Ошондон кийин ушундай жомок чыгарылып, ага адамдар ишенгени бул бетпактык, кем акылдуулук да. Кечирип койгула, Текебаев айткандай ким чайникке алтын салып ташысын? Келжиреп жөөлүп койду да”, – деди Кадыр Атамбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ