Бүгүн, 8-февралда парламенттин КСДП фракциясы өкмөттүн инвестиция тартуу жаатында кылган ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Бул тууралуу чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.
Маселени талкууга депутат Рыскелди Момбеков алып чыкты. «Өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп таап, аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууну кароо керек. Инвестицияларды тартуу агенттигинин ишмердүүлүгүнүн негиздүүлүгүн кароо керек»,- деп билдирди эл өкүлү.
Депутат Айнуру Алтыбаева экономика министри Олег Панкратовдун экономикалык билими жоктугуна нааразычылык билдирди. Ал министрдин бул кызматты ээлегендигинин негиздүүлүгүн текшерүүнү сунуштады.
Фракциянын өкүлдөрү бул сунушка макулдугун билдиришти.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ