Menu

Атаханов: “Баардык тапшырманы Атамбаев берип турган”

Бөлүшүү:

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Мына ушул иштер боюнча бүгүнкү күндө соттук териштирүүлөр жүрүп бир топ чиновниктер камакка алынган. Батукаев ишинин башында ал кездеги вице-премьер-министр Шамил Атахановдон башка жогорку кызматтагылар азырынча айтыла элек. Көптөгөн тапшырмалар дал ушул кишинин аркасы менен жүргөнү ачыкталууда. Ал баардык майда иштерге чейин айтып берип жатканы тергөө иштеринен кийин айкын болууда. Жогорку кызматтагыларды айтпаганда да ошол учурдагы тергөөчү Али Касымовдун да кандайдыр бир кылмыштуу иштерге тийиштиги бар экенин Атаханов ачыкка чыгарганын Касымовдун уулу Мурад Касымов айтып чыкты. Мураддын айтымында атасы Али Касымов мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин жактоочусу болгон эмес. Ал болгону 2012-жылы анын эжеси Яхага 2 жолу кеңеш берген. «Ал инисинин ден соолугунун абалы боюнча бошотууну суранган. Бирок, Али Касымов баардыгы мыйзамдын чегинде гана болушун айткан», – деди Мурад Касымов. Учурда Батукаев иши боюнча 19 адамга карата кылмыш иш козголуп айрымдары абакта жатса, кээ бирлери үй камагына чыгарылган. УКМКнын мурдагы жетекчиси Бусурманкул Таабалдиев болсо өлкөдөн сыртка качып чыгып кеткен. Ал учурда изделүүдө. Атаханов азыр баардык иштердин “балык башы” болуп улам бир чындыктын бетин ачып жаткан кези. Атамбаев боюнча ооз ача элек. Сыягы, ага деле жетет окшойт. Кечээ, Шамиль Атахановду сурак учурунда «Тез жардам» кызматы алып кеткени маалым болду. Тергөөчүлөрү Атахановдон сурак алып жатышкан. Сурак учурунда ал өзүн жаман сезип жатканын айткан. Улам бирөөнү күнөөлөп териштирүү иштеринен өзүн актоонун акыркы амалдары Атамбаевге келип такалгандан улам оор абалда калдыбы, айтор “сынбайм” деп кызына сөз берген Атахановдун да абалы оорлоп калды окшойт. Акыры “бул иштердин башында түздөн-түз тапшырманы Атамбаев берип турган” – деди Атаханов. Кылмыштын кыңыр иши кыйын эле болоорун сезишсе гана, муногу аткаминерлер.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: