Menu

ИИМ: Карамушкина айтып жаткан Курманбек уулу Миржан Суусамырда мергенчиликтен алган жаракаттан каза болгон

Бөлүшүү:

Буга чейин, маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын сөзүнө шилтеме берүү менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө атайын кармоо операциясы учурунда 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан алган жаракаттан каза болду деп жазылган.

Бир катар министрликтер жана укук коргоо органдары тарабынан бул факты боюнча төгүндөөлөр берилген. Ички иштер министрлиги тарабынан бул маалымат боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлдү. Алынган маалымат боюнча, 1996-жылы туулган Курманбек уулу Миржан Суусамыр өрөөнүндө алган жаракаттын кесепетинен 2019-жылдын 9-августунда каза болгон. Ички иштер органдарынын алдын ала текшерүү учурунда каза болгон жарандын атасы Шабданов Курманбек төмөндөгүлөрдү билдирди: 8-август күнү Курманбек уулу Миржан өзүнө катталган 12-калибрдеги курал менен атасынын атын алып, Суусамыр өрөөнүнө мергенчиликке чыккан.

9-август күнү мергенчилик учурунда Курманбек уулу Миржан кокустуктан өзүнүн мергенчилик мылтыгы менен өз бутуна атып алган. Аны ооруканага жеткирүү убактысы көпкө созулуп, жолдо көп кан кеткен. Жыйынтыгында жолдон каза болгон.

11-август күнү Талас районунда маркум жерге берилген, бирок туугандары кырсык болгон тууралуу ички иштер органдарына билдирген эмес.

Азыркы учурда айтылган факт КЖБРге катталды. Алдын ала текшерүүлөр Жайыл жана Талас РИИБи тарабынан жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери айыл тургундарынын жана туугандарынын көрсөтмөлөрүн алышты. Белгилүү болгондой 12-калибрдеги мылтык Курманбек уулу Миржандын атына катталган.

Бардык жагдайларды аныктоо үчүн зарыл болгон иш-чаралар көрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын талаптарына ылайык ички иштер органдары тарабынан эксгумация маселеси көтөрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: