Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов банк карталарын киргизгенден кийин өлкөдө накталай акчанын жетишсиздиги пайда болгонун кыйыр түрдө мойнуна алды.
Түркмөн президенти бул көйгөй үчүн жоопкерчиликти аткаминерлерге жүктөдү. Бердымухамедов банкоматтарда накталай акчанын жетишсиздиги өкмөттүн каржы саясатына байланыштуу деп эсептебейт. Ал муну техникалык мүнөздөгү көйгөй деп атады.
Бердымухамедов каражат жетиштүү өлчөмдө экенин билдирип, банкоматтардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздабаганы үчүн Борбордук банктын төрагасына сөгүш жарыялады.
Түркмөнстанда эки жылдан бери банктоматтарда каражат тартыш, акча чыгарууга чектөө киргизилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ