Menu

Өзбекстанда жарандар бир күндүн ичинде дээрлик 10 миллион доллар сатып алышты

Бөлүшүү:

Өзбекстандын коммерциялык банктары чет өлкөлүк валюталарды эркин сатуу башталган алгачкы күнү эле 9,6 миллион доллар сатышты. Бул тууралуу өлкөнун Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

20-августта Өзбекстандын Борбордук банкы коммерциялык банктар акча алмаштыруу жайлары аркылуу чет өлкөлүк валюталарды эркин сата баштай турганын билдирген.

Бирок ошол эле маалда мекеме ички валюта базарындагы абалга көз салуусун улантып, тышкы кырдаалдардын таасирин азайтуу жана негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн балансын камсыздоо үчүн базар механизмдерин колдоно берерин белгилеген.

Мурдараак өлкөнүн башкы каржы көзөмөл мекемеси акыркы айларда АКШ долларынын курсу бир нече фактордун таасири менен калыптанып келгенин кабарлаган. Алардын арасында дүйнөлүк экономикадагы тобокелдиктер менен соода жаңжалдарынын күчөшү, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ички жана тышкы базарлардагы баа атаандаштыгына туруштук берүү мүмкүндүгүнүн азайышы өңдүү факторлор бар экени айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: