Menu

ЖМК: Москва украин деңиз аскерлерин бошотот

Бөлүшүү:

Орусия менен Украина камактагы туткундарды алмаштырууга даярданып жатат. Бул тууралуу шаршембиде «Коммерсантъ», РБК жана «Интерфакс» басылмалары өз булактарына шилтеме кылып билдиришти.

«Коммерсант» менен РБКнын маалыматына караганда, былтыр ноябрда орус чек арачылары тарабынан Керч кысыгында кармалган украин деңиз аскерлери жайдын аягына чейин бошотулат.

21-августта Москва шаардык соту алардын камактагы мөөнөтүн октябрдын аягына чейин узарткан. 16-августта сот украин аскерлеринин кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

«Интерфакс» агенттигинин билдиришинче, мындан тышкары Киевге Орусияда түрдүү кылмыштарга айыпталып соттолгон беш украин жараны (Владимир Балух, Станислав Клых, Александр Кольченко, Павел Гриб жана Николай Карпюк) өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Басылмалар бул үчүн Орусияга кайсыл жарандар бериле турганын жазышкан эмес. «Коммерсанттын» маалыматына ылайык, Москвага «РИА Новости — Украина» агенттигинин башкы редактору Кирилл Вышинский өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Киевде ал мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталууда.

Украина жалпысынан Орусияда 150 жараны мыйзамсыз кармалып турат деп эсептейт. Алардын эң белгилүүлөрү — терроризм айыбы менен кармалган режиссёр Олег Сенцов, чечен жикчилдеринин курамында согуштук аракеттерге катышкан деп айыпталган Николай Карпюк менен Станислав Клых жана орус чек арачылары тарабынан кармалган деңиз аскерлери.

Былтыр 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин күч менен кармап кеткен. Анда Москва алар Орусиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалганын билдирген. Киев бул окуяны агрессия деп эсептеп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: