Menu

Атамбаевдин аткошчусу кантип байыган?

Бөлүшүү:

Мурда Атамбаевдин жарыбаган эле бир аткошчусу, азыркы тил менен айтканда шоопуру Илмиянов Кыргызстандагы дараметтүү байлардын сабына кошулары тууралуу элдин баары билет. Бирок, ал бир күн мээнет кылбай топтогон байлыгы кайдан келгенин эл билбейт. Бирок, атайын кызматтар Кыргызстандан да, чет жактан да анын мүлктөрүн, каткан каржы ресурстарын тыкыр иликтеп, издеп жатышат.

Бир кезде анын шефи Атамбаев Илмияновду канчалык казсаңар да эчтеке таппайсыңар, апакай жигит деп айтканы бар. Бирок, анчалык эле апакай эместиги азыртан белгилүү болду. Ал кайсы мүлктөр экенин интернет-сайттар жазып чыгышты. Айрым булактарга маалым болгондой, атайын кызматтар Илмияновдун
байлыгы анын өкүл уулу аркылуу келгенин тастыкташыптыр. Ал эми өкүл уулу, анын оң колу – 37 жаштагы Каныбек Туманбаев экен.

Туманбаев аркылуу Илмиянов курулуш бизнесин колго алганын билгендер көп. Мисалы, Бишкектеги “БКС” курулуш компаниясын Илмияновдуку дешет көпчүлүк, ал төгүн эмес. Себеби 2016-жылы катталган бул фирманын (“БКС” курулуш фирмасы” ЖЧК) жападан жалгыз түзүүчүсү Туманбаев болот. Фирма ондогон тамдарды жана ири кеңселерди курган. Анан эле 2018-жылы Туманбаев изин жашырып, фирманы кайра каттаткан, түзүүчүсү Баатырбек Жантаев болуп калган. Ошол маалда массалык маалымат каражаттарында курулушка берилген жерлер боюнча ызы-чуу чыгып, Илмияновдун ысымы көп аталганы, анын курулуш бизнес имперсиясы барлыгы тууралуу да айтылгандар да бекеринен эмес. Туманбаев 2017-жылы “Кош-Тамчы” ЖЧКнын да жетекчилик постунан кеткен, себеби абал өзгөрө баштаган. Алдын ала иш жашыруу планы ишке аша баштаган.

Илмияновдун өкүл уулу курулуш же башка бизнеске эле эмес, медиа бизнеске да кол салып көргөн. Себеби 2015-жылы ал Жалал-Абаддагы “7-каналдын” түзүүчүлөрүнө кирет, ал эми Илмиянов ошол жылы телеканалга жаңы, заманбап техникалык каражаттарды, автоунааларды алып бергенин бүт Жалал-Абаддыктар да билишет. Ал эми бул телеканалды мурда саясатчы Камчыбек Ташиев түзүп, бир тууганы Казыбек Ташиев аркылуу көзөмөлдөп турган эле. Анан эле Атамбаев жана анын командасы аны күч менен тартып алды.

2018-жылдын май айынан баштап “7-канал” “Канал Б” деп өзгөртүлүп, аны “Канал Б” телерадиокомпаниясынын редакциясы ЖЧКсы колго алган. Анын түзүүчүлөрү А. Атамбаев жана “Апрель” коомдук фонду болуп калды. Фонддун жетекчиси Атамбаевдин жакын соратниги Ниязов Фарид Аблезимович эле.

2018-жылы Туманбаев дагы бир телеканалга – ОШ (“Он бир”) телеканалына ээ болду. Анын базасында азыр Атамбаев жана анын командасын мактап, атаандаштарын карала пжаткан “Апрель” телеканалы пайда болду. Мунун да түзүүчүлөрү, ээлик кылуучулары Атамбаев менен “Апрель” фонду. Азыр бул эки телеканалдын да башкы кеңселери Бишкекте “Медиа Форум” деп аталган белгилүү имаратта жайнашкан. Ал эми “Канал О» (эл арасында 7-канал) түштүктө да иштейт. Күн сайын азыркы бийликти каралап, Атамбаевди гана даңазалап турушат.

Ал эми биз Илмиянов тууралуу кеп ушуну менен эле бүтпөйт, анын жашырылган ээликтери, мүлктөрү, акчалай каражаттары үлкөн бизнес-империясы тууралуу кеп алдыда. Жакын арада алар тууралуу кеңири кеп болушу күтүлөт.

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: