Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өз ишин токтотот бул тууралуу бүгүн, 27-мартта КРнын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечим Гульбара Калиеванын төрагалыгы астында видеоконференц байланыш аркылуу өткөн кеңешмеде кабыл алынды. Мындан сырткары Чүй облустук соту менен Чүй райондор аралык соту дагы ишин убактылуу токтотот.
Бул соттордун ишмердүүлүгү бир жумага токтотулду.
Ошону менен катар эле, соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлеринин кезектешүү менен иш алып баруусу уюштурулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ