Маданият министрлигине караштуу “Кыргыз Туризм” мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков Кой-Таштагы “Тёплые ключи” санаторийин инвестордун акчасына реконструкциялоо пландалып жатканын билдирди. Ал бул туурасында: “Долбоор 200 млн. долларга бааланып жатат. Бул мамлекеттик долбоор, бирок акчалар инвесторлордон гана тартылат. Санаторийде үстү жабык бассейн, муз майдан, аквапарк жана мейманкана салынат. Ар бир объект боюнча инвестор эмне кураарын тандай алат” – деп билдирди. Коомчулукта 200 миллион доллар боюнча кескин сын-пикирлер айтылып, алкымдарын тыя алышпай дагы жегени жатышат деген коңгуроо кагылды.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ