Ички иштер министринин мурдагы орун басары, биттин ичегисине кан куйган полковник Манас Акматбеков саясаттан, өзгөчө ИИМдеги интригалардан тажап, учурда биротоло чарбачылыкка ык койгон кербези дейт. Манас акеңер ушул күндөрү Ысык-Көлдө арпа-буудайды мол жыйнап, мал чарбачылыгын ирдентүү менен алек. Тегинен колунда бар, материалдык жактан абалы жакшы деңгээлде делген полковник учурдагы баштаган ишинен да баар тапса, анда өлкөдөгү алдыңкы миллионерлердин катарын толукташы деле ажеп эмес дечи. А чынында колдон келсе борбордо жүрүп интрига, сасык саясат менен алек болуп, мээ чөйчөгүн “бок-сакка” толтургуча бир эсе айылга барып, таза мээнет менен күн көргөндөн өтөөрү барбы? Эми ушунча сөз болгон соң кокус өйдө жак ишарат кылып, “көз кысып” кызмат сунуштаса кайра жетип келбей, ушуну менен айылда жүрө берсе болду го. Ай ким билет, бийлик деген азгырык эле…
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ