Menu

Бабанов үчүн «башын канжыгага байлаган» Бекитаев

Бөлүшүү:

Буга дейре парламенттик жана жергиликтүү шаардык кеңештерде жарышка катышып жүргөн Мирлан Бекитаев аттуу жаш жигит бар эмес беле? Заманбап, шайдоот жүрүшү бар бу жигит соңку жылдары Өмүрбек Бабанов менен көз карашы, келечекке болгон пландары бир чыгып, БӨТтү сүрөөнгө алып жүрөт. Негизи жаштайынан бизнестин даамын татып калган Бекитаевде жигердүү жаштардан турган командасы, ага удаа материалдык жактан да мүмкүнчүлүгү жогору турган бардар, чыйрак лидерлердин бири. Кыскасы, «колунда токочу бар бала сүйгүнчүк» экенин танууга болбойт. Керек кезде бу жигит артын карап бир ышкырса калың жаштардын бир катарын ээрчитип алганга кудурети жетет. Бабановдун дал ушундай жигердүү жаштарды жанына топтой алгандыгы таңгалдырууда. Бүгүнкү бийлик Мирлан Бекитаевди катарына тартып алганда асты утуш гана болмок. Бу жагынан Бабанов көрөгөчтүк кылып, баалуу кадрларды илип кеткен жагынан уста болууда. «Күч атасын тааныбайт» дейт. Дал ушундай жигиттер керек кезде Бабанов үчүн зор колдоону алып берип коюулары мүмкүн.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: