Menu

Абылгазиевди “ала жаздаган” “КТ Мобайл” акыры ишке кирди

Бөлүшүү:

Кыргызстанда буга чейин чуу жараткан, өкмөт башы Абылгазиевдин кулагы серейип, “бажагейт” менен барып токтогон мамлекеттих “КТ Мобайл” уюк компаниясы ишин баштаганы маалым болду.

“Салам” деген соода брендди менен иштей баштаган уюм оператору 15-августтан тартып сим-карталарды сатыкка чыгарды. Компаниянын маалымат кызматанын өкүлү Чынара Усупбаеванын айтымында, ушул тапта уюк оператору сыноодон өтүп жатат. Ушул аптанын жума күнүнө чейин апробация жүрүп, бардык сыноолордон өткөн. Учурда сим-карталар “Мегакомдун” соода түйүндөрүндө сатылып жатканы маалымдалды. Бул мезгилге чейин 300гө жакын сим-карта сатылган. Алардын артыкчылыгы “Кыргызтелеком” ишканасынын стационардык телефондору менен байланышта иштеп, чөнтөк телефондон бекер чалууга мүмкүнчүлүк ачылганын тийиштүү мекенинин жетекчилиги кошумчалады. “Салам” өз алдынча техникалых тейлөө борборун курбайт. Мамлекеттик “Альфа Телеком” компаниясынын техникалых жабдуусун, станцияларын колдонот. Ошондуктан, виртуалдык оператор катары иш жүргүзөт.

Буга чейин дал ушул виртуалдык оператор эмес, өз алдынча толук уюк компаниясы болуу планы “Альфа Телеком”  менен “КТ Мобайлдын” ошол кездеги жетекчилигинин ортосундагы чырга негиз болгон.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: