Бүгүн, 27-августтун кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскердик прокуратуранын өтүнүчү менен Ички иштер министринин экс-орун басары, генерал Курсан Асановду 13-октябрга чейин үй камагына алды.
Генерал Курсан Асанов 8-августта, Кой-Ташта, Алмаз Атамбаевди кармоо операциясы учурунда өзүнө бекитилген участокту таштап, министр Кашкарбек Жунушалиевдин буйругун укпай, Атамбаевдин үйүнө кирип кетип, аны кармап чыкканда бир нече кызматтык мыйзамдарды бузууга айыпталууда.
13-августта Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан “милициянын кызыкчылыктарын саткандыгы жана ага болгон ишенимди жоготкондугу үчүн” деген негиздеме менен кызматынан бошотулган.
14-августта Аскердик прокуратура Курсан Асановго каршы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши козгогон.
23-август күнү Курсан Асановдун айдоочусу жана жан сакчысы Дамир Пайзилла уулу да ушул эле кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ